Ыйса - Википедия Мазмунга өтүү

Ыйса

Википедия дан
Ыйса
יֵשׁוּעַ (Ешуа)
Туулган күнү

4 же б.з.ч.

Туулган жери

Иудея аймагы, Бейт-Лехем

Каза болгон күнү

30 же 33

Каза болгон жери

Иерусалим

Ыйса (болжол менен б.з.ч. 6 же 4 – б.з. 30 же 33), Ыйса Машайак, Назареттик Ыйса жана башка көптөгөн аталыштар менен белгилүү, биринчи кылымдагы еврей насаатчысы жана диний жетекчи болгон. Ал дүйнөдөгү эң чоң дин болгон машаякчылык дининин негизги фигурасы болуп эсептелет. Көпчүлүк машайакчылар Ыйсанын Кудайдын Уулунун жердеги көрүнүшү жана Байыркы Келишимде алдын ала айтылган Дөөттүн тукумунан чыккан күткөн куткаруучу машаяк деп ишенишет.

Азыркы доордун дээрлик бардык байыркы доорлорду изилдеген окумуштуулары Ыйсанын тарыхый инсан болгонун тааныйт[1].

Инжилдин алгач төрт китептер анын жашоосу жана кереметтери тууралуу баяндайт[2][3][4][5].

Куранда Ыйса Кудайдын сөзү катары аталат[6]. Куран ошондой эле Ыйсанын кыямат күнү дүйнөнү соттоо үчүн кайра келерин көрсөтөт[7].

  1. Sykes, "Stephen", "W." (2007). Paul's understanding of the death of Jesus. Cambridge University Press. 
  2. Жакан. Жакан бойунча сүйүнчү. 
  3. Марк. Марк бойунча сүйүнчү. 
  4. Лука. Лука бойунча сүйүнчү. 
  5. Матай. Матай бойунча сүйүнчү. 
  6. Али Имран 3:45
  7. Ниса 4:157-158